2025-жылы Россия Кыргызстандан товар сатып алган эң ири өлкө болду

2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясы Кыргызстандан товар сатып алган эң ири рынок болуп чыкты. Экспорттун жалпы көлөмү 536,3 млн АКШ долларын түздү.

Андан кийинки орундарда:

Швейцария — 438,2 млн доллар.

Казакстан — 357,7 млн доллар.

Бул мезгилде Кыргызстандын тышкы соодасынын жалпы көлөмү 2,4 млрд долларга жетти.

Негизги соода өнөктөштөрү катары Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр кала берүүдө. Аларга экспорттолгон продукциянын көлөмү 933 млн долларды түздү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *