Быйыл Кыргызстанда 65 млн сомго In vitro илимий-изилдөө жана өндүрүштүк биологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдиргендигин “Кабар” агенттиги жазып чыкты.


Анын айтымында, КР президентинин жарлыгы менен “Органикалык өндүрүш жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы департаменттин 2023-жылдагы эң башкы жетишкендиги болду.


In vitro биологиялык лабораториясында микроклоналдык ыкма менен вируссуз өсүмдүктөрдүн көчөттөрү өндүрүлөт. Анын алкагында, Финансы министрлиги тарабынан Органикалык айыл чарба департаментине 36 млн 638 миң сом, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетке 25 млн сом каражат каралууда“, – деди ал.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *