Бишкек мэриясы 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу окуучуларга айына 360 сомго “Тулпар” картасын сатып алууну сунуштоодо. Аны менен коомдук транспортто чексиз жүрүүгө болот.
Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол акысы болгону 8 сомго туура келет.
Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат. Эгерде алар башка адамдар тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карталар конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат.
Өз кезегинде, чоңдор үчүн айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттери бар.
Белгилей кетсек, тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспортто контролерлор иштей баштайт.

