Музейдеги жүрүм-турум эрежелерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги токтолду. Төмөндө эске алуучу жагдайларга назар салыңыз.


Музейге кирүү кийим илгичтен башталат. Анда тыш кийимдерди гана эмес, көлөмдүү сумка, баштыктарды, кол чатырды да калтыруу кажет.


Тамеки тартууга, суу, тамак-аш, балмуздак, сагыз ж.б. алып кирүүгө тыюу салынат.
Музей менен таанышууда көргөзмөнүн белгилүү бир бөлмөсүн же бир бөлүгүн тандаңыз. Мындай жол менен сиз керектүү маалыматты таап, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала аласыз. Экскурсоводдун айткандарын кунт коюп угууга аракет кылыңыз.


Музейде өзүн тынч алып жүрүү жана башкаларга тоскоолдук кылбоо керек. Эгер кимдир бирөө искусство чыгармасынын жанында турган болсо, ага тоскоолдук кылбаңыз.
Катуу сүйлөбөңүз. Катуу күлүү да кабыл алынбайт. Сиз кызыкпаган нерсеге башка бирөө абдан маани берип карашы толук мүмкүн.


Музейде сын айтуудан да этият болуу керек. Көркөм чыгарманы шылдыңдоо-этикага жатпайт. Ооба, көргөзмөдөгү буюмдар түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок чыныгы искусство сүйүүчүсү чыгармаларга болгон мамилесин сындоо,шылдыңдоо аркылуу билдирбейт.
Эгерде сизде суроолор пайда болсо, жаныңыздагы адамды алаксытып суроо бербестен,музейдин адисине кайрылыңыз.
Баса, суроолоруңузду экскурсоводдун сөзүн бөлбөй, аягында бериңиз.
Топтун жетекчилери жана мүчөлөрү экскурсия учурунда коопсуздук жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого милдеттүү.


Ошондой эле:
• Музейдеги экспонаттарды кол менен кармоого;
• Спирт ичимдиктерин ичип кирүүгө;
• Тамеки тартууга, суу, тамак-аш, балмуздак жана сагыз ж.б. алып келүүгө;
• Жаныбарларын алып кирүүгө;
• Уюлдук телефондун үнүн чыгарууга;
• Жарык бергич менен сүрөт тартууга дегеле уруксатсыз фотосессия кылууга;
• Уруксатсыз коммерциялык, жарнамалык жана башка иштерди жүргүзүүгө;
• Курал-жарактын жана пиротехникалык каражаттардын бардык түрлөрүн, газ баллондорун, косметикалык спрейлерди алып жүрүүгө;
• Орнотулган тосмолордон өтүүгө;
• Музейдин айланасын булгоого, таштанды таштоого;
• Музейде ролик, самокат жана ушул сыяктуу каражаттарды колдонууга болбойт!

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *