Кыргызстанда блогерлер үчүн жаңы мыйзам долбоору жазылат

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев «Акипресске» курган маегинде, бир катар министрликтин адистери долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Ал блогердин медиага тиешеси жок экенин белгилеп, бирок алардын катталуучусу көп болгондуктан, маалымат таратууда жоопкерчиликти сезиши керек деди.

Министр катталуучусу көп айрым блогерлер жарнама аркылуу ишкердик жүргүзүп жатканын белгилеп, бул багытта бардык тараптарга ылайыктуу чечим табуу керектигин кошумчалады.

Мыйзам долбоору 2026-жылы даяр болуп, парламентке сунушталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *