Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Түркстан» гезитине берген маегинде КМШдагы кесиптештеринин физикалык активдүүлүгү тууралуу маалыматы менен бөлүштү.
Анын айтымында, Орусиянын лидери Владимир Путин жакында Бишкекте өткөн бейформал иш-чарада жаш дзюдочу менен болгон беттеште өзүнүн күчүн көрсөтүп, физикалык туруктуулугун көрсөткөн.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев такай машыкса, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол ойнойт.


Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев машыгуу залында өз формасын карманса, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян велосипед тебүүгө ынтызар. Беларусь президенти Александр Лукашенко хоккей ойноону улантууда.


Ал эми Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү аткаруу менен ден соолугуна кам көрөт.
