Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия берилет

Минкаб бензин, дизель жана суюлтулган газ импорттогон компанияларга 30-сентябрга чейин субсидия берип, импорттук баа менен өкмөт белгилеген баанын айырмасын төлөп бермей болду.

Токтомдо АИ-92 бензининин тоннасы 860 доллар, АИ-95 — 940 доллар, дизель — 950 доллар, ал эми суюлтулган газ 575 доллар деңгээлинде бекитилди.

Ошондой эле өкмөт күйүүчү майдын баасын убактылуу жөнгө салмакчы. Мындан тышкары, бензин жана дизелди автотранспорт менен өлкөгө ташып кирүүгө коюлган убактылуу чектөө дагы токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *