Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктайт

Кыргызгидромет 4-5-октябрда тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлүп жатканын кабарлады.

Ошондой эле бул күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу да мүмкүн.

Ал эми 5-6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн абанын температурасы -10 градуска, өрөөндөрдө 1 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *