Жапаров: Кыргызстан эми башка өлкөлөрдүн спутниктик маалыматтарына көз каранды болбойт

Президент Садыр Жапаров биринчи улуттук спутник өлкөнүн аймагын өз алдынча көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Анын маалыматтары айыл чарба жерлерин жана жайыттарды, жер кыртышын, түшүмдүүлүктү, аба ырайын, суу ресурстарын, мөңгүлөрдү жана өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөөдө колдонулат.

Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин Кыргызстан мындай маалыматтарды башка өлкөлөрдөн алып, акы төлөп келген. Эми спутник Бишкектен башкарылат. Жапаров 2026-жылдын 1-октябрын өлкө үчүн тарыхый күн деп атады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *