Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти

Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти, шаарга күн сайын 200 миң адам иштегени келерин калаа мэри билдирди.

Айбек Жунушалиевдин борбор калаада калк менен автоунаалардын саны кескин өсүп жатканын белгиледи.

«Калктын санынын өсүшү шаардык инфраструктуранын өнүгүшүнөн озуп барат, мында улам жолдордо тыгын пайда болуп, инженердик тармактарга оорчулук келип жатат. Абанын сапаты курч көйгөйгө айланды. Транспорт, жашылдандыруу, шаардын тарыхый көрүнүшүн сактоо боюнча да маселелер көбөйүүдө. Бул суроолорго илим менен практиканы айкалыштырып, биргеликте чечим издешибиз керек», — деди мэр.

Ал мэрияга илимий жактан негизделген чечимдер керек экенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *