6-февралда КР Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылдагы жыйынтыктар айтылып, жыйынга Адылбек Касымалиев жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов катышты.
Маалыматка ылайык, салыктар жана төлөмдөр боюнча 308,4 млрд сом чогултулуп, план 40,1 млрд сомго ашык аткарылган, 2024-жылга салыштырмалуу таза өсүш 80,2 млрд сом болду.
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү кошо эсептегенде жалпы жыйым 391,8 млрд сомду түзүп, такталган план 102,1%га аткарылды. Салык кызматы кирешенин өсүшү ставка көтөрбөстөн, бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана администрлөөнү жакшыртуу менен камсыздалганын белгилеп, 2026-жылга артыкчылык катары тобокелдикке багытталган аналитика, сервистик модель жана санариптик системаларды жаңылоону атады.

