КР Улуттук банкы «Асман Банк» ЖАКка улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берди. Чечим 2026-жылдын 4-февралында кабыл алынып, банк чет өлкөлүк катышуусу бар уюм катары катталганы айтылды.
Уюштуруучу катары Михаил Кузовлев (ВЭБ.РФ) көрсөтүлдү, жетекчи болуп Эркеайым Биялиева дайындалды — ал буга чейин «Керемет Банкта» башкармалыктын төрагасынын орун басары болгон. Маалыматка караганда, банк 2024-жылдын июнь айында катталып, азыр салыктык жол-жоболорун бүтүрүп, Салык кызматында жана Социалдык фонддо эсепке турган.

