Ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун тандоо турнири 23-апрелден 3-майга чейин Ташкент шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар конкур жана выездка боюнча күч сынашты.
Ринат Галимов конкур боюнча эки алтын жана бир коло медаль жеңди. Ал 135 сантиметрге чейинки тоскоолдуктар боюнча 1-орунду, 130 сантиметрлик маршрутта 3-орунду ээледи. Ошондой эле Six Bar багытында 175 сантиметр бийиктикти багындырып, казакстандык спортчу менен бирге 1-орунду бөлүштү.
Выездка боюнча Екатерина Каркавцева 2-орунга чыкты.
Бул мелдештерде спортчулар Дүйнө кубогунун финалына жана дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн рейтингдик упай топтойт.


