Red Wings авиакомпаниясы Дагестандан Ош шаарына (Кыргызстан) түз каттамдарга билет сатууну баштады. Бул тууралуу «Это Кавказ» порталы жазды.
Маалыматка ылайык, алгачкы учуу 3-июнда ишке ашат.
«Жаңы эл аралык маршрут алгачкы жолу ачылып жатат. Бул Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири — Ошко барууну кыйла жеңилдетет. Оштогу туристтерди өзүнө тарткан негизги жай — Кыргызстандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген ыйык Сулайман-Тоо. Аймак көркөм тоо пейзаждары жана берекелүү ашканасы менен белгилүү: бул жерде тандыр самсаны чоң табактай кылып бышырышат»,— деп айтылат авиакомпаниянын билдирүүсүндө.
Каттамдар Махачкала эл аралык аэропортунан жумасына бир жолу, шаршемби күндөрү саат 21:30да аткарылат. Бул багытта авиакомпания Россияда чыгарылган SSJ 100 учагын пайдаланат. Жол убактысы 2 саат 55 мүнөттү түзөт.


