Кыргызстанда 9-май — Жеңиш күнүнө карата “Өчпөс полк Кыргызстан” акциясы өтөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары билдиришти.
Уюштуруучулар жарандарды ата-бабаларынын, согуш ардагерлеринин сүрөттөрү менен жүрүшкө чыгууга чакырууда. Эгер сүрөтү жок болсо, гүл алып келип, эскерүү жүрүшүнө кошулса болору айтылды.
Бишкек
Чогулуу убактысы жана жери:
🕗 9-май, саат 08:00 — Дайыр Асанов атындагы парктагы Түштүк дарбазанын жанында.
Жүрүш саат 09:00дө башталат.
Маршрут:
Байтик Баатыр көчөсү — Абдрахманов көчөсү — Фрунзе көчөсү — Жеңиш аянты.
Ош
Ош шаарындагы жүрүш боюнча маалымат такталууда.
Манас шаары
Чогулуу убактысы жана жери:
🕣 9-май, саат 08:30 — Ш. Абдраманов жана З. Жамашев көчөлөрүнүн кесилиши, “Россия жана Кыргызстан аймактарынын достугу” паркынын жанында.
Маршрут:
Колонна Советтер Союзунун Баатыры Токубай Тайгараевдин эстелигине чейин барат.
Талас
Чогулуу убактысы жана жери:
🕘 9-май, саат 09:00 — шаардык парктагы Обелисктин жанында.
Жүрүш саат 09:30да чыгыш аркадан башталат.
Маршрут:
Чыңгыз Айтматов көчөсү — И. Сарыгулов көчөсү — борбордук аянт.
Борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар өтөт.
Достук айыл аймагы, Ленинское айылы
Жүрүш саат 08:00дө Алма-Ата көчөсү боюнча айылдын түштүк жана түндүк тарабынан башталып, курман болгон айылдаштарга арналган эстеликке чейин барат.
🕘 Митинг саат 09:00дө башталат.
Орловка шаары, Кемин району
Чогулуу убактысы жана жери:
🕘 9-май, саат 09:00 — Г. Кудряшов көчөсү, мэриянын жанында.
Колонна саат 09:30да старт алат.
Маршрут:
Мэрия — Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлерине арналган эстелик.
Кызыл-Октябрь айылы, Кемин району
Чогулуу убактысы:
9-май, саат 09:30.
Маршрут:
Аалы уулу Жамангул көчөсү боюнча башталып, Маданият үйүнө чейин уланат.
Уюштуруучулар башка шаарлар жана калктуу конуштар боюнча маалымат кийинчерээк кошумча берилерин белгилешти.
“Өчпөс полк Кыргызстан” акциясы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмге каршы күрөшүп, тынчтык үчүн жанын аябай салгылашкан баатыр ата-бабаларга ыраазычылык билдирүүгө арналганын уюштуруучулар эске салышты.
Ошондой эле алар жүрүштү саясий акцияга айлантпоого чакырышты.


