АКШнын деңиз күчтөрү бүгүн Ормуз кысыгында кармалып турган чет элдик соода кемелерин коопсуз чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Truth Social баракчасына жазды.
Анын айтымында, Project Freedom деп аталган операция гуманитардык мүнөзгө ээ. Анын максаты Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга тиешеси жок, бирок кысыкта калып калган кемелерге жана алардын экипаждарына жардам берүү.
Трамп айрым кемелерде азык-түлүк, суу жана зарыл буюмдар азайып жатканын белгилеп, бул экипаждар үчүн олуттуу көйгөй жаратып жатканын айтты.
Президент Трамп операцияга тоскоолдук кылган тараптарга катуу жооп берилерин да эскертти.
АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, операцияга аскердик кемелер, 100дөн ашык учак, пилотсуз техникалар жана 15 миңдей аскер катышат.


