Кечээ, бул жылдын кооз датасында, тактап айтканда «24.01.24» датасында өлкөдө 184 түгөй никесин расмий каттады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.


Маалыматка караганда, борбор калаада 41 түгөй баш кошуп, ал эми Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 үй-бүлө түптөлгөн.


Министрликтин маалыматында, 2023-жылы расмий катталган никенин саны 1 миң 430га көп болуп, 44 миң 776 үй-бүлө куралган.

Январь айында 2 миң 838 түгөй никеге турду.


Эске сала кетсек, никеге туруп жаткан түгөйлөр, арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен жүргүзүлөт. Никеге туруп жаткан түгөйлөрдүн каалоосу боюнча никелешүүнү ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык жаңы үй-бүлө кургандарды куттуктайт жана үй-бүлөлүк бактылуу өмүр каалайт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *