Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда келип конгон.
Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.
«Манас» эл аралык аэоропортунда Кытайдын Пекин шаарынан учуп келген биринчи учакты салтанаттуу түрдө тосуп алуу иш-чарасына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, КР Жарандык авиациясынын директорунун орун басары Канат Төлөгөнов, «Манас» эл аралык» ААК коммерциялык директору Сатыбек Каныбеков, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы директору Му Сюхонг катышты.
Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *