Мыйзамсыз ташылып келе жаткан балыктар артка кайтарылды

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Орусиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.


Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.
Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Орусияга артка кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *