Кыргызстан менен Кытайдын командасы футболдо беттешет

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Кытайдын Тайбэйи менен беттешет. Кыргыз футбол союзу команданын курамын жарыялады. Оюн Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.

Буга байланыштуу айрым көчөлөр жабылып, 2 500дөй милиция кызматкери күзөттө болот. Маалыматка ылайык, саат 14.00дөн тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Жолдор оюндан соң ачылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *