Министрлер кабинети 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Каттоонун негизги максаты — эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу.

Айыл чарба каттоосу 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрга чейин жүрөт, мал жана үй канаттуулары кайра саналып чыгат. Айыл чарбасын каттоону субъекттери болуп окуу жайлардын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары, дыйкан чарбалары, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн жеке ишкерлердин чарбалары жана жеке көмөкчү чарбалары саналат.

Айыл чарба каттоосу жерди пайдалануу бөлүмү боюнча документтик далилдер менен жүргүзүлөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *