Орусияга чыгуунун пландап жаткан жарандарга шашылыш билдирүү. Тышкы иштер мининистрлиги кыргызстандыктарды Орусияга убактылуу барбай турууну сунуштады.

Орусияда буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандар мамлекеттик чек арадан өтпөй калбашы үчүн бул өлкөгө барбай туруу керек. Суроолор жаралса Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишеним телефонуна же Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгына телефону аркылуу кайрылса болот.

Байланыш номурлар элчиликтин атайын сайтында жайгашкан. Эске салсак, мындай чектөөлөр 22-марттагы Москва шаарындагы террордук чабуулга байланыштуу киргизилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *