Бишкектин жана ага жакын райондордун тургундары жылытуу системасы үчүн жеңилдетилген кредит алышат

Бишкек шаарынын жакынкы райондордун тургундары үчүн экологиялык таза жылытуу системаларына мамлекеттик жеңилдетилген насыялар жеткиликтүү.

Бишкек шаарынын ошондой эле, жакынкы райондорунун тургундары 1 миллион сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген кредит алып, үйлөрүнө заманбап экологиялык таза жылытуу системаларын орното алышат.

Бул кредиттик линия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Насыялар үй чарбалары экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн 1 000 000 сомго чейин кредитти жылдык 8% пайыздык чен менен 60 айга чейин ала алышат.

Жабдууларды жеткирүүчү компаниялар үчүн өзүнчө кредиттик терезе каралган — 5 000 000 сомго чейин, жылдык 10% пайыздык чен менен 60 айга чейин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *