Бүгүн Ош шаарында мэр Жанар Акаев жана министр Нурдан Орунтаев шаарда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы ишкерлер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагындагы каржылык маселелер чечилгенин билдирди. Анын айтымында, каражат республикалык бюджеттен жана президенттин стабилдештирүү фондунан бөлүнөт. Ошондой эле ал подрядчы ишкерлер аткарган жумуштары үчүн сөзсүз түрдө акы алаарын белгиледи.
Өз кезегинде мэр Жанарбек Акаев шаар мэриясынын подрядчылар алдындагы карызы болжол менен 1 миллиард сомду түзөрүн, жакын арада так маалымат берилээрин, азыркы учурда мэриянын каражаты жетишсиз экенин кошумчалады.
Ош шаардык мэриясы мыйзамга баш ийбеген ооз эки келишимдердин негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн.
«Башкача айтканда, курулуш жүрүп жаткан, бирок ал юридикалык жактан расмий түрдө бекитилген эмес. Бир дагы долбоордун долбоордук-сметалык документтери жок болбошун түшүндүрүшүбүз керек. Балким, кээ бир учурларда алар аны түзө башташкан, бирок аягына чыгарышкан эмес. Ушул себептен улам, Курулуш министрлиги Курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлерин өз убагында отчет бербегендиги жана параллелдүү долбоорлоо иштерин караштырбагандыгы үчүн жумуштан бошоттук»,- деди Орунтаев.

