Slider

Социалдык тармактарда кичинекей баласын кордогон аялдын видеотасмасы таркалды. Тасмада белгисиз аял бир нече баласы менен сейилдеп жүргөн учурда, колунда көтөрүп бараткан баласын бир чаап андан соң жерге таштап жиберет, анан кайра көтөрүп басып кеткен.

Бул окуя тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021 -жылдын 6 -октябрында катталган бул факт бирдиктүү реестрине, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө катталганын билдиребиз. КРнын кылмыш -жаза кодексинин «Үй -бүлөлүк зомбулук» 75- статья боюнча териштирүү иштери баштатылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 2021-жылдын 5-октябрында Кара-Балта шаарынын аймагында болгону аныкталган.

Аялдын өздүгү такталды, ал жергиликтүү тургун 31 жаштагы төрт баланын энеси Н.Г. болуп чыкты.

Аялдын айтымында, бул балдар менен кечки сейилдөө учурунда болгон. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган текшерүү иш -чаралары жүргүзүлүүдө.

Соттук медициналык экспертиза дайындалды, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *