Кыргызстандын футбол курама командасы Кытайлык команданы 5-1 эсебинде жеңди. Беттеш Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюнчуларды колдоо үчүн өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана 13 миңден ашык күйөрман келди.

Оюн аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын футбол командасын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Садыр Жапаров футболчулардын даярдык деңгээлин, машыктыруучу штабдын ишин жогору баалап, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн улуттук курама командасы мындан ары да эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишүүсүн каалады. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортчуларга толук колдоо көрсөтөт.

Эскерте кетсек, 21-мартта Кыргызстандын курама командасы Кытайдын Тайбэй курамасы менен Гаосюн шаарында (Кытай Эл Республикасы) беттешкен. Анда оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасынын жеңиши менен аяктаган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *