Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздалып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдун» басма сөз кызматынан билдиришти.


Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады.


«Бүгүнкү күндө «Кыргызтелеком» ААК негизги подрядчы катары 128 айыл округун оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даярдады, анын ичинде алыскы аймактар да бар«, — деп айтылат маалыматта.


Digital CASA долбоору аймактагы кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган жана азыртадан эле оң натыйжаларды көрсөтүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *