Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин өкүлү Туратбек Идрисов белгилегендей, суунун азайышы — дүйнөлүк тенденция.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы — 5,767 млрд кубометр суу пайдаланылган, ал эми 2026-жылы — 6,303 млрд кубометр суу бөлүштүрүү пландалууда. Облустарда жана райондордо атайын штабдар түзүлүп, сугат суусунун адилеттүү жана рационалдуу бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт.
Белгилей кетсек, буга чейин суу тартыштыгы Чүй, Талас облустарында жана түштүк аймактарда да катталган.

