Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы “Керме-Тоо” орто мектебиндеги балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышып чыкты. Бул имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толугу менен жаңылганган.
Мектепти оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Ага имараттын сырткы фасады, терезе жана эшиктери алмаштырылды. Ошондой эле окуучулардын дени сак жашоо образы үчүн эскилиги жеткен спорт аянтчалары да жаңыланды.

Эске салсак, билим берүү мекемесинин имаратын Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта пайдаланууга берген.

Кошумчалай кетсек, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көп кабаттуу турак жайларга жана социалдык объектилерге (мектеп, бала бакча ж.б.) алып баруучу эски, тар жана жүрүүгө кооптуу жолдор кеңейтилип, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иштер жашоочуларга ынгайлуулук жаратуу үчүн жүргүзүлдү.
