Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 18-ноябрда, Киото шаарында чай аземине катышты.

Мамлекет башчысына жана анын жубайына чай даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Японияда чай ичүү каада-салттары жөнүндө кеңири айтып беришип, андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук сунду.

Японияда чай ичүү – бул бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде “чай аземи” деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз “чай жолу” дегенди билдирет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *