үгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 65-90-95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү ыктымал.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *