Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди.

Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Лицензиялоо боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын жазган.

Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия кийлигишүү аракеттери тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгып, андагы фактылар чын экенин аныктаган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *