Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат.
Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтүшү керек. Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт.

