Санкт-Петербург шаарында белгилүү боксчу, дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго карата административдик укук бузуу боюнча иш козголду. Бул тууралуу орус ЖМКлары кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш анын социалдык тармактарда кыргыздар жана казактар тууралуу жазган постторуна байланыштуу катталган. Сот отуруму 29-январга белгиленген.Эгер күнөөсү далилденсе, Екатерина Биволго 20 миң рублга чейин айып пул салынуусу же 15 суткага чейин административдик камакка алынуусу мүмкүн.
Белгилей кетсек, буга чейин Санкт-Петербургдагы Смольнинский райондук соту Дмитрий Биволдун доосу боюнча чечим чыгарып, анын мурдагы жубайынын айрым билдирүүлөрүн жалган деп тапкан. Сот бул билдирүүлөр боксчунун намысына жана ишкердик беделине доо кетиргенин белгилеген.
