Кыргызстанда сотторду эрте пенсияга чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда судьяларды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун президент администрациясы иштеп чыкты.

Ага ылайык, судьялык иш тажрыйбасы 20 жылдан кем эмес болгон учурда, пенсия курагына жете электигине карабастан, ардактуу эс алууга чыгууга уруксат берилет.

Документте соттордун психофизиологиялык жүгү оор, курактык өзгөрүүлөр менен топтолгон стресс ишти тез жана сапаттуу кароо жөндөмүнө терс таасирин тийгизе тургандыгы белгиленет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *