Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө.
Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.
