Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жалпы өлкө боюнча бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 2 миң 685 бейтапты түзөт. «Гемодиализге бюджеттен 2,5 млрд сом сарпталат. Бейтаптардын жашоо шарты дагы жакшы эмес, аларга узак жол жүрүүгө болбойт. Операция 650 миң сомго жакын каражатты талап кылат жана бул үнөмдүү болот», — деди министр.
Бейшеналиев түрк тарап менен бөйрөк алмаштыруу операцияларын Бишкектеги «Кыргыз-Түрк Достугу» ооруканасында жасоо макулдашылганын кошумчалады.
Ал белгилегендей, азыр Кыргызстандык адистер бөйрөк алмаштыруу боюнча Түркиядан окуудан өтүшүүдө.
Эске салсак, 1-февралда КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи жолу бөйрөктү алмаштыруу операциясы бекер жасалган.
