Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди.
«Өрттүн очогу 14-от казандын жанында жайгашкан тегирменге туура келди. Ал көмүрдү майдалап от казанга чачып берип турат. Лаборатория азыркы тапта дагы өзүнүн ишин улантууда. Жарылуу өтө чоң масштабда болгон. Айнектин сыныктары, чатырдын тунукелери жүздөгөн метрге чейин учкан. Анткени жарылуунун күчү өтө чоң болгон. Баш-аягы 650-680 чарчы метрлик чатыр толугу менен аңтарылып калган», — деди Шамырканов. Жеринде күн сайын миңге жакын киши иштеп жатканын кошумчалады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *