Тасманы тартууга кеткен каражаттын жарымы же 45 млн сом өлкө бюджетинен бөлүнгөн. Калган акчаны фильмдин продюсерлери тапкан.
Чыгармада кыргыздардын байыркы турмушу менен азыркысынын айкалышы көрсөтүлөт. Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев долбоордун аркасы менен өлкөгө турист тартуу максат кылынганын белгиледи.

