Каныкей Ыдырысова 53 жашта, Кара-Кулжа районуна караштуу Ничке-Суу айылынын тургуну. Ал 4 чакырым жолду жөө басып, Терек-Суу айылындагы мектепке жумушуна барат. Жол катар 4 мезгилге карабай ээн-талааны жана тоолорду аралап өтөт. Мектепсиз жашоосун элестете албаган каарманыбызга бул жол 34 жылдан бери тааныш. Ничке-Суу айылында башталгыч класс гана бар болгондуктан өзүнүн 5 баласы менен кошо Терек-Суу айылындагы мектепке катташчу. Азыр балдарынын 3өө студент. Жолдошу мал-чарбасы менен алектенет.
Жолдогу кыйынчылыктардын баарын окуучуларым унуттурат…
—Мектепте 34 жылдан бери эмгектенип келем, өзүм жашаган айылдан мектепке чейинки аралык 4 чакырм. Мурда 1,5 саат аралыкта жетсем азыр жашым улгайган сайын кечирээк жетип жатам. Мен ошончо жылдан бери ысы-суукта калып мектепке барам, бирок класска киргенде окуучуларымдын сөздөрү, алардын жылмаюулары баардык кыйынчылыктарды унуттурат. Сабагымды өтүп кайра жолго чыгам, ошентип күндөр уланып жатат. Ушул мугалимдик кесипти тандап алганыма аябай ыраазымын, башка кесипте иштей албасам керек деп ойлой берем. Кыйналсам деле мугалим болуу жашоо, жакшы кесиптердин бири.
Мектептен үйгө кайтканда 1 саат жамгырда, сел аккан жерде тургамын…
— Жаз мезгили эле, мектептен кайтып келе жатсам катуу жамгыр жаап, мен өтө турган колоттон сел жүрүп жатыптыр. Ал жерден жөө кечип өтө албай жамгыр астында бир саат тургамын. Акырында бир автоунаа келип алып өткөн. Ошол учурда жашоомо нааразы болуп кеткем, бирок эртеси унутуп кайра эле мектепке жөнөгөн учурларым болгон.
Былтыркы окуу жылдары бир ай ооруп мектепке бара албадым. Акыркы коңгуроо учуру эле, ошол жылы менин бүтүрүүчүлөрүм «эжеке келип кетиңиз сөзсүз»,-дегенинен барсам, окуучулар линейкага тизилип баары даяр болуп калышыптыр. Ошол учурда окутуп жаткан окуучуларым 3- класс болчу, бир айда аябай сагынышкан окшойт, ошончо элди көздөрүнө илбей жүгүрүп келип «келдиңизби?»- деп кучактап ыйлашып, аларды көрүп мен да ыйлагамын.
Азыркы замандын окуучулары, мугалими менен кошо алдыга кетип атат…
-Мектептин босогосун аттаганда эле окуучулар биз ойлонбогон суроолорду берет. Ошол кырдаалдан мугалим такалбай чыгып кетүү керек. Мурунку муун менен азыркы муундун айырмасы асман менен жердей. Жаңыдан мектепке кирип ишти баштаганда интернет, жаңы техникалар жок, жалаң кагаз иштери менен гана эмгектенээр элек. Азыркы учурдун окуучулары жаңы технологияларды өздөштүрүп мугалимдер менен катар көп нерсени билип жатыша. Окуучуларымдын берген суроолоруна аксап калбаш үчүн баардык жаңы нерсени өздөштүрүүгө, изденүүгө күн сайын аракет кылып жатам.
Билимдүү өлкөнү түзгүбүз келсе, билим берүүгө көңүл буруубуз керек…
-34 жылдан бери алыскы жолдо кыйналып иштегенимди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү деле билишет. Шарты жакшы жерде иштегендей эле эмгектенип келе жатам. Ушул жылдар аралыгында коллективдин сунушу менен «Эл агартуунун мыктысы» жана башка бир нече громаталарды өз күчүм менен алганмын. Балдарга сабак өткөндө Кыргызстанды сүйүүнү, кызмат кылууну, талыкпай билим алуу керектигин баса белгилеп өтөмүн. Мен да ишенем өлкөбүз алдыңкы мамлекеттин катарына кошулат. Улуу сөз бар: «Кайсыл мамлекетти жок кылгың келсе, анын билим берүүсүн талкаласаң өлкө өзү эле жок болот», дегендей. Ал үчүн билим берүүнү колго алышыбыз керек.





