Мугалимдер эми мектепти ремонт кылбайт, көчө шыпырбайт

Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине, айрыкча, жайкы эс алуу мезгилинде тартууга тыюу салынганын эскертти.

Мугалимдердин негизги милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин билдирди.

2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоо иштерине 404 млн сом каралган.

Агартуу министрлиги ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганын кошумчалады.

Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет.

Буга чейин мугалимдерди эмгек өргүү учурунда жумуштарга тартпоо керектигин депутат Бактыяр Калпаев айтып чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *