Кытайдан атчан чыккан этникалык кыргыз кыздар Кыргызстанга жакындап калышты

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан атчан сапарга чыккан Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы 24-25-май күндөрү Торугарт аркылуу Кыргызстанга келиши күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, алар Нарын аркылуу Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнө барып, андан соң Чүйгө келишет. Сапар Бишкекте жыйынтыкталат.

Кыздар Кыргызстанда болжол менен бир жума болушат. Аларды Маданият министрлиги тосуп алууга даярданып, жергиликтүү тургундар дагы демилге көтөрүп жатканы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *