Бишкекте автобустарга жол кирени накталай төлөө токтотулат

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев мындай тартип 1-июлдан тарта киргизилерин билдирди.

Анын айтымында, накталай төлөм алынбаса, айдоочулар алаксыбай жолго көбүрөөк көңүл бурушат. Жол кире да баарына бирдей болот.

Жүргүнчүлөр жол кирени карта же QR-код менен төлөй алышат. Бул ыкма туристтер үчүн да жеткиликтүү болот.

Эгер терминал иштебей, төлөм өтпөй калса, жүргүнчүгө айып салынбайт. Мындай учурда ал акысыз эле бара турган жерине жетип алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *