Эки өлкөнүн парламенттеринин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйындарынын өтүшү – кызматташтыктын жогорку натыйжалуулугун далилдейт. Жолугушууда миграция жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
ЖК депутаты Улан Примов Кыргызстандын жарандарынын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүн жана ишмердүүлүгүн жеңилдеткен маселелерди чечүү жолдорун белгилеп, Миграциялык режимдин ырааттуу катаалданышынан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын кошумчалады. Жолугушуу учурунда Орус тарап маселелерди оң жагына чечип берүүсүнө үмүт артарын билдирди.

