«Акыркы коңгуроо» салтанаты 25-майда өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги маалымдадыбыйыл республиканын жалпы билим берүү уюмдарында Мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күнү-түнү күзөт уюштурат. Мектептердин аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.
Билим берүү минитсрлиги бул буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарынан бошотулушу мүмкүн экенин эскертти.
Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыю салынды
