Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору Мырзабек Тороевдин үй-бүлөсүндө үч эм уулдар жарыкка келди. Наристелер 19-апрелде төрөлүшкөн. Аларга — Амантай, Эртай жана Эсентай деген ысым ыйгарылды. Милиционердин кесиптештери аны үй-бүлөнү жаңы толуктоо менен куттукташты.

