Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү ачылып жаткан 560 бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери аяктап, алар оюнчук, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалып жаткандыгын билдирди.
Азыркы күнгө келип, 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба-ырайына карап жүрүп жатат.
Мындан сырткары, 144 объектте эмеректер да орнотулду. (Ош облусу – 56, Жалал-Абад облусу – 85 жана Чүй облусу – 3).
Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.
Аталган жумуш Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында аткарылууда