Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 2025-жылдын январь–декабрь айларында 13,3% түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул үлүш 8,8% болгон.
ЕАЭБ: Экспорт – 17,1 млрд сом (51%) Россия Федерациясы: Экспорт – 7,8 млрд сом (эт-сүт продукциялары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер)
Казакстан Республикасы: Экспорт – 7,8 млрд сом (жашылчалар, мөмө-жемиштер, жемиштер, тоок эти, сүт азыктары.
Беларусь Республикасы: Экспорт – 1,5 млрд сом (эт-сүт продукциялары, тоют, макарон азыктары) Армения Республикасы : Экспорт – 13 млн сом (жашылчалар, жаңгактар, эт продукциялары)
Бул көрсөткүчтөр республикада айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын көрсөтөт. Өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөр болуп саналат.


