Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясынын өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен батирлери Президенттин тапшырмасына ылайык толугу менен калыбына келтирилди. Ага ылайык бүгүн батирлерди ээлерине тапшыруу мааракеси болуп өттү.

Мааракеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ныязбек Нурбаев жана жашоочулар катышышты. Мэр жашоочуларды жаңы конушу менен куттуктап, курулуш иштери өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде тыкыр көзөмөлдө болгонун белгиледи.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун атынан 2 лифт, өрт алган 6 батирдин ар бирине бирден муздаткыч жана кир жуучу машиналарды тапшырды. Ош шаарынын мэриясы тарабынан да 2 лифт орнотулуп берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *