Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

